Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
12:32 11.5.2021

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын айынан окуу процесси убактылуу үзгүлтүккө учураган 18 мектептин дээрлик баарында иш калыбына келди. Бул тууралуу 11-майда “Азаттык” радиосуна жергиликтүү администрациядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө үч мектеп ишин токтотуп турат.

Алардын бири – Лейлек районунун Максат айылындагы орто мектептин имараты такыр жараксыз абалга келген. Мындан тышкары Баткен районундагы Таш-Тумшук айылындагы жана Ак-Сай айылындагы Б.Хожаев атындагы мектептерде да коопсуздук маселесинен улам окуу токтогон.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

14:02 11.5.2021

Баткендеги чек ара окуясында жараат алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын үчөө реанимацияда, алардын абалы оор. Бул тууралуу 11-майда "Азаттык" радиосуна оорукананын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан бул борбордо Баткенден жеткирилген 36 адам дарыланып жаткан, алардын тогузу бүгүн аскердик госпиталга которулду, экөө үйүнө чыкты.

Өкмөттүн соңку маалыматына караганда, чек ара окуясында 154 адам жараат алган, алардын 57си Бишкектеги үч ооруканага жаткырылган.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду.

Буга чейинки маалыматтарда жараат алгандар 180ден ашуун экени айтылган. Жарадар болгондордун 36сы Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, 12си Улуттук хирургия борборуна жана тогузу Улуттук госпиталга жаткырылган.

Тажик тараптан 19 адам каза болуп, 87си жараат алганы расмий жарыяланган.

18:51 11.5.2021

Өзбекстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында тутанган окуядан кийинки абалды турукташтыруу боюнча аракеттерге колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу 11-майда Өзбекстандын тышкы иштер министри (ТИМ) Абдулазиз Камилов Кыргызстандын башкы дипломаты Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда айтты.

Кытайдын Сиан шаарында “Борбор Азия – Кытай” форматындагы жыйынга катышып жаткан эки министр кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларды талкуулап, көптөгөн адамдын өлүмүнө алып келген бул кырдаал саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керектигин белгилешти.

Өзбекстандын ТИМ башчысы Кыргызстандын абалды жөнгөрүү аракетин колдой турганын айтып, ажырымга жол бербөө жана коопсуздук Борбор Азия аймагындагы туруктуулукту кепилдеген фундаменталдуу принциптер экенин кошумчалады.

Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги да талкууланды.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. Тажик тараптан 19 адам өлгөнү расмий айтылды. Окуя курчуп турган күндөрү өзбек президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тынчтыкка чакырган.

11:15 13.5.2021

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя сөзсүз иликтениши керек. Мындай пикирин 12-майда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда Европа парламентинин депутаты Нойзе Норберт билдирди.

Бишкекке иш сапары менен келген саясатчы депутаттар менен жолугушууда чек арада жай тургундарга каршы аскердик техника аркылуу "агрессия" көрсөтүүнү тынчтыкты бузуу катары баалоо керектигин айтты жана окуяны иликтөөгө жардам берүүгө даярдыгын кошумчалады. Ошону менен катар Нойзе Норберт Европа Биримдиги куралдуу жаңжал учурунда жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушууда парламент аралык кызматташтык, Кыргызстандагы коомдук-саясий абал да талкууланды. Кыргыз парламентинин депутаттары өлкө эл аралык укук нормаларын, Бириккен Улуттар Уюмундагы милдеттенмелерин бекем карманарын айтышты.

12-майда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Жонатан Хеник Атлантика кеңеши уюштурган интернет талкууда АКШ Кыргызстан жана Тажикстанга чек ара чатагын жөнгө салып, үй-жайын таштап качкан элди кайра кайтарууга жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Хеник кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан соң эки өлкөнүн өкмөттөрү диалогго даяр экени үмүт берерин кошумчалады.

"Азырынча бул чатак жөнгө салынды деп жыйынтык чыгарганга болбойт. Жөнгө салына элек. Үй-жайын таштап качкан жарандарды кайтаруу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн тынчтык жана стабилдүүлүк керек", - деп билдирди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Хеник Вашингтон учурда Кыргызстандын жана Тажикстандын Бишкек, Дүйшөмбүдөгү элчиликтери жана эки өлкөнүн АКШдагы өкүлчүлүктөрү аркылуу тажик, кыргыз бийлиги менен сүйлөшүп жатканын жана кырдаалды тынч жол менен чегерүү үчүн жардам көрсөтүүгө даярдыгын кошумчалады.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG