Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
13:09 13.5.2021

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон жарандарынын жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондорго батыраак сакайып кетишин каалаган. Бул тууралуу «Озоди» радиосу маалымдады.

“Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кудай сиздерге күч жана чыдамкайлык берсин”, - деп жазылган Рахмондун билдирүүсүндө.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жана ал жетектеген партиянын өкүлүнүн бул билдирүүлөрү ондогон адамдын өмүрүн алган окуядан туура эки апта өткөндөн кийин жарыяланды. Буга чейин тажикстандык айрым саясатчылар Рахмондун бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды көңүл сыртында калтырганын сынга алышкан.

13:10 13.5.2021

Президент Садыр Жапаров бүгүн 13-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтык маселелери менен катар кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларды талкуулады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президенттер бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты жана “Кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларды талкуулашты. Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге кырдаалга көңүл бурганы, кайрат айтып колдоо көрсөткөнү жана Баткен облусундагы чек арага танапташ айылдардын тургундарына гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди”.

12:44 18.5.2021

Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилеринин жолугушуусунда чек ара аймагында “кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды”. Бул тууралуу 18-майда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 17-майда Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Согд облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту.

Чек аралаш аймакта буга чейин болгон окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр чатактарды алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу сүйлөшүлдү.

Облус башчылары күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте чек арада жума сайын жолугууну макулдашышты.

Эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлүп, Баткен облусунун Ак-Сай айылы менен Согд облусунун Ворух айылы чектешкен жерге эки айылга кирип-чыккан тургундардын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч.

17-майда Ак-Сай айылынын тургундары бул айылдан үч тажикстандыкты, ал эми тажик жарандары Ворух аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргызстандыкты кармап алган. Облус жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин алар алмаштырылган.

Кыргыз тарап үч тургуну сабалганын, алар түрдүү жараат менен Баткендеги аймактык ооруканага жеткирилгенин, ал эми тажик тарап жүргүнчү ташыган кичи автобуста бараткан үч тургунуна таш тийгенин билдирген.

16:22 4.6.2021

Чек ара: Унжу-Булактагы абал турукташты

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы саат 14кө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагында абал туруктуу экенин билдирди.

Анда “Тийиштүү кызмат адамдары жеринде жана абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүдө. Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө”, - деп айтылат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 4-июнда эртең менен Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районуна чукул учуп кеткен. Мунун алдында Чек ара кызматы аталган райондогу кыргыз-тажик чек арасынын жанындагы Унжу-Булак тилкесинде абал чыңалып турганын билдирген.

Камчыбек Ташиев Унжу-Булак тилкеси тактала электигин жергиликтүү элге ырастады:

"Азыр мына Унжу-Булактагы 1100 гектар жер аныктала элек, тактала элек жер деп эсептелет. Бирок булар 1924-жылкы, 1989-жылкы карталар менен бул жер Тажикстанга тиешелүү деп келе жатышат. Биз ага бүгүнкү күнгө чейин макул болбой келе жатканбыз. "Бул жерлер тактала элек" деп айтып жатабыз. Биз такталган, өз жерибизге чек ара бекетин койгонбуз. Биздин бекет менен алардын чек ара бекетинин ортосу такталбаган тилке. Бирок булар акыркы убактарда такталбаган жерлерге кирип, өздөштүрүүгө аракет кылып жатышат. Бул жолу да ошондой болду. Булар кирип келди эле, биз да келдик".

Ташиев ушул тушта чек ара аймагына кетти, чогулган эл тарады.

Бул аралыкта УКМК төрагасын жандап бараткан тик учактардын бири жолдон кырсыктаганы белгилүү болду. Расмий маалыматка ылайык, тик учак Чоң-Алай районуна бараткан жолдо, Араван районунун Кичи-Алай айылында кырсыктап, күйүп кеткен. Ичиндеги 14 адамдын баары аман-эсен, төртөө жеңил жаракат алышты.

Ташиев менен кошо Чоң-Алайга Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдулат Мырзаев барган.

Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Чоң-Алайдагы абал
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:22 0:00

Соңку окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстандын Бишкектеги элчисин чакырып, нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

ТИМ тараткан маалыматта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн буга чейинки келишимдерине карабастан, "чыңалууну жоюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн качып, Тажикстан тарап чек ара өкүлдөрүнун кайрылуусуна жооп бербей жана байланышка чыкпай жаткандыгы" белгиленген.

Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Бул тууралуу Тажикстандын “Ховар” сайты жазды.

Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

“Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын протоколуна ылайык чек арачылар макулдашылган чек ара тилкелеринде турат. Экинчи тарабындагы Карамык ашуусунда Кыргызстандын чек ара бекети тийиштүү инфраструктурасы менен жайгашкан. Бул эки өлкөнүн чек арасында делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин мамлекеттик чек араны эки тараптуу кайтаруу принцибин камсыз кылат”, - деп жазылган маалыматта.

Тажикстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык 986,7 км. түзгөн кыргыз-тажик чек арасынын 519,9 км. такталган. Тактала элек чек ара тилкесинин бири Шаты ашуусу. Аталган тилке боюнча эки тарап чек араны аныктоо жана өз сунуштарын берүү тууралуу сүйлөшкөн.

Тажик аскерлери Кыргызстандын ичине кирип келип, контейнер орнотконун жергиликтүү эл да маалымдашууда. Унжу-Булактан эки чакырым аралыкта жайгашкан Карамык айылынын тургуну Асылбектин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, аймакка жай тургундар өткөрүлбөй жатат.

"Биздин ал жакта жайлоолорубуз, жайыттарыбыз бар. Жыл сайын ошол жакка жайлоого чыкчубуз. Быйыл Баткенде куралдуу жаңжал болгондон кийин, ал жакка чыкпай калдык. Өзүбүз деле кооптонуп жатабыз, чек ара кызматы да быйылча жайлоону алмаштырууну сунуштады. Тескей, Түз-Конуш деген жайлоолорго чыкчубуз. Анапияев куруп берген көпүрө менен барчу элек".

Карамыктын дагы бир тургуну тажиктер Унжу-Булакка вагон орнотуп алыптыр деген маалымат "WhatsApp" аркылуу тараганын ырастады. Анын айтымында, айылдыктар Карамыкка чек арадагы айыл катары атайын макам берилишин каалайт.

"Биз эң четте турабыз. Чек араны биздин эл кайтарып турат. Ошондуктан, Ташиев келсе айылга атайын макам берилүүсүн сураналы деп жатабыз".

Чоң-Алай районундагы Карамык айылында 600 чамалуу, ал эми коңшулаш Кара-Тейитте төрт миң чамалуу кожолук бар.

Өткөн айда Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маселе көтөргөн. Эл өкүлү Аккулу Бердиев 1999-жылдагы Баткен согушу да Чоң-Алайда башталганын эске салып, азыр дагы кооптуу кырдаал жаралганын айтып, өкмөттүн маалымат беришин талап кылган.

“Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тарап окоп казып жатат деп кооптонуп телефон чалышууда. Азыр Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду, Чек ара кызматынын башчысын чакырып маалымат укпайлыбы”.

УКМК Аккулу Бердиевдин айткандарына жооп кайтарып, чек арадагы кырдаалды курчутуп жибере турган билдирүү жасагандан алыс болууга чакырган.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү дагы Чоң-Алайдагы кырдаал боюнча маалымат тараткан. Анда эки өлкөнүн чек ара тозотторунун башчылары жолугуп, такталбаган аймакка эки тараптын тең аскерлери кирбей туруу жөнүндө макулдашуу болгонун билдирген.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Талаштуу аймактардын 13.6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туш келет. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Чоң-Алай менен Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы чектешкен аймакта 1010 гектар такталбаган жайыт бар. Мындан тышкары Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Мазар деп аталган жер дагы талаштуу тилкелердин катарына кирет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG