Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында жолугат. Бул тууралуу Ташиев Чоң-Алайда эл менен жолугушууда билдирди.
"Президент баарын көзөмөлгө алып турат. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов бул жакка келе жатат. Келсе жолугуп, тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылабыз”, - деди Ташиев.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
Чек ара кызматы тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, өзү тарапка кайра 600 метр ары кайканын билдирди.
Ташиев 4-июнда эртең менен Чоң-Алай районуна чукул учуп барды.
Чоң-Алай районуна учуп бараткан Коргоо министрлигинин тик учагы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда конууга аргасыз болду. Тик учакта он чакты адам болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, үчөө ар кандай жеңил жаракат алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Катуу конуп алган МИ-8 МТ тик учагы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө таандык болгон жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев түшкөн экинчи тик учакты коштоп бараткан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кичи-Алайдагы кырсыкта жаракат алган адамдар тууралуу маалымат түшкөнүн ырастады жана окуя болгон жерге үч "Тез жардам" тобу жөнөп кеткенин билдирди.
Расмий эмес маалыматтарга ылайык, кырсыктаган тик учакта атайын даярдыктагы "Альфа" ыкчам тобунун аскерлери болгон. Алар Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасына бараткан.
Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-июнда эртең менен Чоң-Алайга учуп барган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчисине нота тапшырды. Бул тууралуу Тажикстандын "Азия-Плюс" сайты жазды.
Тажикстан кыргыз бийлигинин "тажик тарап чек ара боюнча макулдашууларды бузду" деген билдирүүсүн чындыкка дал келбейт деп атап, ага жооп иретинде Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине нота тапшырган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тажик чек арачылары эки өлкө мурда тактаган, чийилген, протоколдо макулдашылган Тажикстандын аймагында турганын билдирген.
Бүгүн, 4-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстандын Бишкектеги элчисин чакырып, нааразылык нотасын тапшырган.
Нота Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагына тажик аскер кызматчыларынын жана аскердик техникасынын максаттуу ичкери кирип келишине карата тапшырылган.
ТИМ тараткан маалыматта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн буга чейинки келишимдерине карабастан, "чыңалууну жоюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн качып, Тажикстан тарап чек ара өкүлдөрүнун кайрылуусуна жооп бербей жана байланышка чыкпай жаткандыгы" белгиленген.
Кыргызстандын Министрлер кабинети Ош облусундагы Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак участогуна байланыштуу Тажикстан тараткан маалыматка жооп берди. Министрлер кабинетинин билдирүүсү расмий сайтына жарыяланды.
Анда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүп жатканы бирок, аны жазуу процесси жыйынтыктала электиги айтылат.
“Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы ортосунда аталган участокту жазуу тууралуу тийиштүү келишимге кол коюлган эмес, мунун өзү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө жыйынтыктала электигин билдирет. Натыйжада, аталган участокту Тажикстан Республикасы тарабынан макулдашуусуз ар кандай конструкцияларды жана контейнерлерди орнотуу аркылуу өздөштүрүү аракеттери коңшулук жана достук мамилелерге жатпайт жана мындан ары чек арага чектеш аймактардагы абалдын курчушуна алып келиши мүмкүн”, - деп айтылат.
Буга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп бергенин Тажикстандын “Ховар” сайты жазган.
Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.
“Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын протоколуна ылайык чек арачылар макулдашылган чек ара тилкелеринде турат. Экинчи тарабындагы Карамык ашуусунда Кыргызстандын чек ара бекети тийиштүү инфраструктурасы менен жайгашкан. Бул эки өлкөнүн чек арасында делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин мамлекеттик чек араны эки тараптуу кайтаруу принцибин камсыз кылат”, - деп жазылган маалыматта.
Тажикстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык 986,7 км. түзгөн кыргыз-тажик чек арасынын 519,9 км. такталган. Тактала элек чек ара тилкесинин бири Шаты ашуусу. Аталган тилке боюнча эки тарап чек араны аныктоо жана өз сунуштарын берүү тууралуу сүйлөшкөн.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
Чек ара кызматынын саат таңкы 6дагы маалыматына караганда, тажикстандыктар чек аранын тактала элек тилкесине орноткон контейнерин калтырып, 600 метр ары кайтты.