Украин өкмөтү бул жол менен Москванын өлкө чыгышындагы жана Крымдагы жикчилдерге көрсөткөн колдоосун токтотууну көздөйт. Дооматтарды четке каккан Орусия бул сотто өз позициясын бекем коргой турганын билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун эң жогорку сотунда 6-мартта башталган териштирүүдө Украинанын адвокаттары Орусияны кескин айыптап чыгышты. Алар орус тараптын аракеттеринен улам украин жарандары өз өлкөсүндө өздөрүн коопсуз сезбей калганын айтышты. Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Олена Зеркаль Орусияны сотко берүүгө түрткү берген жагдайлардын айрымдарын санап берди:
“Орусия Федерациясынын тактикаларынын арасында терроризмди колдоо жана расалык дискриминациялоо аракеттери бар. Ошондой эле пропаганда, бийликти көзгө албагандык, коркутуу, саясий коррупция жана киберчабуулдар да бар. Украинада биз туш болгон чындык дал ушундай. Бүгүн дүйнөлүк соттун алдында украин элинин негизги укуктарын корголушун суранам”.
Украина Гаагадагы эл аралык сотко 2017-жылдын январь айында арыз берген. Соттук териштирүүнүн алгачкы айлампасы 9-мартка чейин уланат. Дүйшөмбүдө Украинанын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Сот Орусиянын жүйөсүн шейшемби күнү угат.
Акыркы өкүм бир нече жылдан кийин чыгышы мүмкүн. Соттун чечими акыркы жана милдеттүү болсо да, эл аралык трибуналдын өкүмдү ишке ашыруу механизми жок.
Кантсе да расмий Киев Орусияны Украинанын чыгышындагы жана Крымдагы козголоңчул топторго колдоо көрсөтүү менен эл аралык нормаларды бузду деп айыптап, эл аралык соттон майнап чыгат деп ишенип турат.
Москва “Евромайдан” окуяларынан көп өтпөй, 2014-жылдын март айында Украинанын Крым жарым аралына өз көзөмөлүн орноткон. Андан соң Украинанын чыгышындагы жикчил кыймылдарды колдоп, андан тутанган кармаштан баш аягы 9700дөн ашык адамдын өмүрү кыйылды.
Киев менен Батыш четке каккыс далилдерди тапканын билдиргени менен Кремль Украинанын чыгышына аскерлерин жана аскердик техникаларын жөнөтпөгөнүн белгилеп келет. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Москвага Украинадагы аракеттери үчүн экономикалык санкцияларды жарыялаган.
Гаагадагы алгачкы соттук териштирүүдө орус тарап өз позициясын бекем коргойбуз деп турат. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул багытта бардык мыйзамдуу чараларды көрөөрүн кабарлады. Орусиянын расмий өкүлдөрү мамлекеттик “ТАСС” агенттигине билдиргендей, Гаагадагы сотто 35 адамдан турган орус делегациясы келди.
Расмий Киев эл аралык сотто 2014-жылдын июль айында Украинанын чыгышында малайзиялык учактын атып түшүрүлүшү жана Крым татарларынын маселесин да көтөрүүдө. Украина Орусияда Крымдагы татарлар куугунтукка кабылып жатат деп эсептейт.
2008-жылы орус-грузин чатагынан кийин Грузия да Орусияга каршы эл аралык сотко кайрылган. 2011-жылы сот өз өкүмү Орусияда күчкө ээ эмес деген чечимге келген. Эксперттер Украина боюнча да ушуга окшош чечим чыгат деген пикирде.