Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “Гедеондун арабалары-2” деп аталган Газа шаарын басып алуу боюнча алдыдагы операциянын мөөнөтүн кыскартуу талабын коюуда. Бул тууралуу Ynet басылмасы кабарлады.
Нетаньяхунун айтымында, бул операция масштабы жана мааниси жагынан Экинчи дүйнөлүк согуштун аягындагы Берлин үчүн болгон салгылашууга тете болуп, ХАМАС тобунун (АКШ, Евробиримдикте террордук уюм деп табылган) “толугу менен талкаланышына” алып келиши керек.
Израил армиясынын Газада жердеги аракеттеринин так убактысы азырынча аныктала элек.
“Биз алдыдагы күндөрдө аракетибизди күчөтөбүз”, - деп билдирди Израилдин армиясынын (ЦАХАЛ) Башкы штабынын башчысы Эял Замир.
Соңку эки аптадан бери Израил Газадагы бир канча аймакта, анын ичинде Газанын эң чоң кварталы – Зейтунда операцияларын жүргүздү. Божомолдорго ылайык, жер үстүндөгү ири чабуулдардын сентябрдан мурда башталышы күмөн. Анын жүрүшү Израилдин Газанын түндүк бөлүгүнөн түштүккө бир миллиондой тургунду эвакуациялоо иштеринен көз каранды.
Тургундарды көчүрүүдө олуттуу кыйынчылыктар болууда жана эвакуацияны уюштурууда негизги өнөктөш катары каралып жаткан Бириккен Улуттар Уюму менен тыгыз кызматташууну талап кылат.
Газанын түштүгүндө Хан-Юнистин чыгышындагы "Европа ооруканасын" калыбына келтирүү боюнча иштер башталды. Бул медициналык жай Израил аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Ал жакка Газа шаарындагы дарыгерлер менен бейтаптар которулат. Жакынкы күндөрү Израил армиясы ХАМАСтын көзөмөлүндөгү Саламаттык сактоо министрлигине шаардан бейтаптарды жана дарыгерлерди чыгарып кетүү зарылдыгы тууралуу кабарлаган.
Мындан тышкары, ЦАХАЛ Газанын батышында жайгашкан Аль-Маваси гуманитардык зонасынан бер карай жол жасала баштаганын жергиликтүү булактар билдирген. Азыр Газанын жашоочуларын дал ошол жакка барууга үндөп жатышат.
Ошондой эле Рафахтагы эмираттардын талаа ооруканасына кеткен жол да салынып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бул оорукана согуштун алгачкы күндөрүнөн бери Израилдин көзөмөлүндө турат.
Израил бийлиги билдиргендей, Газадагы аскердик операциянын негизги максаттарынын бири - 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин түштүгүнө болгон чабуул маалында барымтага алынгандарды бошотуу. Акыркы маалыматтарга ылайык, азыр 50 киши барымтада, 2014-жылы өлтүрүлгөн аскердин сөөгү да өткөрүлө элек. Туткундардын 20сы гана тирүү деп эсептелет. Бирок АКШ президенти Дональд Трамп тирүү калган адамдардын саны 20дан аз болушу мүмкүн экенин билдирди.
Барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрүнүн штабы Трамптын сөзүнө жооп катары билдирүү таратып: “Урматтуу президент, барымтадагылар 50. Биз үчүн ар бири - бүтүндөй бир дүйнө”, - дешти
Өкмөттүн туткун жана дайынсыз жоголгондор боюнча координатору Галь Хирш расмий маалыматтар өзгөрбөгөнүн билдирди.
“ХАМАСтын колунда 20 тирүү туткун бар, алардын экөө абдан оор абалда. 28и каза болгон деп жарыяланды”, - деди Хирш.