Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

Актер Руслан Курманалиев каза болду


Театр жана киноактеру Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын артисти Руслан Курманалиев 53 жашында каза болду. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, актер өз үйүндө күтүүсүз кырсыктан улам электр тогуна урунуп каза болгон.

Руслан Курманалиев 1972-жылы Нарын районундагы Сары-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. 1987-жылы Муратаалы Күрөнкеев атындагы окуу жайга тапшырып, чыгармачылык жолун баштаган. Ал “Жайсаң”, “Туңгуч”, Жаш көрүүчүлөр театрларында иштеген. Сахнада жана кинодо 80ден ашык роль аткарып, ар кыл образдарды жараткан.

Беш жылга жакын Бакен Кыдыкеева атындагы театрдын көркөм жетекчилигин аркалаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG