Ишембиде Орусиянын Санкт-Петербург шаарына, Ленинград облусуна дрон чабуулу болду. Аймактын бийлиги Ленинграддын үстүнөн алты, Петербургдан эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Петербургдун бийлиги Красносельский районунда жок кылынган дрондун сыныгы турак жайга тийип, терезелери күбүлгөнүн айтты. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.
"Фонтанка" жазгандай, акыркы жолу учкучсуз аппараттар Петербургга чейин 2024-жылдын октябрында жеткен.
Ишембидеги чабуулдан улам Пулково аэропортунда каттамдар жапырт кармалды. Аба майдан кечке жуук гана ишин жандантты.
Москванын мэри Сергей Собянин башкалааны көздөй учурулган дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
23-августта Казан, Нижний Новгород, Тамбов, Самара, Калуга жана башка шаарлардын аэропортторунда да иш чектелип, каттамдар кармалды.
Шерине