Садыр Жапаров экоактивист Андрей Панаевге машине белек кылды

Андрей Панаев жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларды ыктыярдуу тазалап таанылган экоактивист Андрей Панаевди кабыл алып, автоунаа белек кылды. Мамлекет башчы экоактивист өз ыктыяры менен таштанды терип жүргөнүн интернеттен көргөнүн айтып, ага ыраазычылык билдирди.

Андрей Панаев Кыргызстанга саякаттап келгенин жана 2024-жылы Ысык-Көлгө эс алганы келип, көл жээгинде таштандыларды тазалап, башкаларды да тазалыкты сактоого чакырып жатканын айтты.

Орусиянын жараны Андрей Панаев Инстаграмда “Таза карма” деген баракча ачып, ал жакта Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо иштери, таштандыны ой келди ыргыткандар тууралуу видеолорду жарыялап турат.

Садыр Жапаров 17-августта Фейсбуктагы баракчасына Ысык-Көлдүн бир чакырымдай жээгин жөө кыдырганда таштанды толуп, таза жер жок экенин көргөнүн жазып, элди табиятты сактоого чакырган.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ вице-президенти Украинадагы согуш жарым жыл ичинде токтойт деп божомолдойтНетаньяху Газаны ээлөө операциясынын мөөнөтүн кыскартууну талап кылдыКыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машинелерге электрондук кезек киргизилетОшто никаб кийип жүргөн 22 кыз-келинге айып салындыӨкмөт чет элдик жарандарга бериле турган эмгек квотаны көбөйттүТашиев Бишкек шаардык сотунун үч судьясы кызматтан кеткенин айтты