Ош облустук ички иштер башкармалагынын кызматкерлери апрель айынан бери рейд өткөрүп, коомдук жайларда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөн 22 кыз-келинге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу” беренеси менен 20 миң сомдон айып пул салды. Андан тышкары 140 кыз-келинге эскертүү берилди.
Буга чейин Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалагы да жети аял кишиге 20 миң сомдон айып салган.
Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.
Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (BTo)
Шерине