Тууганы зордуктаганы айтылган 4 жашар кыздын апасы арыз жазуудан баш тартты

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту Чүйдүн Ысык-Ата районунда жакын тууганы зордуктаганы айтылган 4 жашар кыздын апасы арыз жазуудан баш тартканын билдирди.

Буга байланыштуу Ысык-Ата районунун үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери кыздын мыйзамдуу өкүлү катары дайындалган. Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен иш козгоп, наристеге кордук көрсөткөн өспүрүмдү 18-августта кармаган.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, 18-августта 4 жашар наристени жакын тууганы зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн. Кыздын ата-энеси ажырашып кеткендиктен, апасы балдарын Ысык-Атага туугандарына таштап, Бишкекке иштегени кеткен.

Наристе Ысык-Ата райондук ооруканасынан кароодон өтүп, ага зомбулук болгону аныкталган. Кыздын апасы окуя тууралуу уккандан кийин микроинсульт алып Ысык-Ата райондук ооруканага жаткырылып, кийинчерээк шаарга которулган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева балдар менен иш алып барган мамлекеттик органдарды профилактикалык иштерди күчөтүүгө чакырды. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров экоактивист Андрей Панаевге машине белек кылдыАКШ вице-президенти Украинадагы согуш жарым жыл ичинде токтойт деп божомолдойтНетаньяху Газаны ээлөө операциясынын мөөнөтүн кыскартууну талап кылдыКыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машинелерге электрондук кезек киргизилетОшто никаб кийип жүргөн 22 кыз-келинге айып салындыӨкмөт чет элдик жарандарга бериле турган эмгек квотаны көбөйттүТашиев Бишкек шаардык сотунун үч судьясы кызматтан кеткенин айтты