Кыргыз-тажик делегациялары өз ара сооданы көбөйтүүнү талкуулашты

Хоким Холикзода жана Данияр Амангелдиев.

25-августта Бишкекте Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Хоким Холикзода жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушууда өз ара сооданын көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүү тууралуу сөз болгонун билдирди. Маалымат боюнча, иш сапардын алкагында тажик делегациясы Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун бир катар объектилерин кыдырып, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана санариптештирүү иштери менен таанышат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 13-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, эки өлкөнүн мамлекет башчылары чек араны тактоо тууралуу келишимге кол коюшкан. Мындан кийин Баткенде чек арадагы 2021-2022-жылдардагы куралдуу кагылыштардан кийин жабык турган “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” өткөрмө бекеттери ачылган.

Садыр Жапаров 8-июлда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барып, бир нече жылдан бери жабык турган чек арадагы “Карамык” жана “Бор-Дөбө” бекеттери иштей баштаган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын 519,9 чакырымы 2011-жылга чейин такталган. Калган 486,94 чакырымын делимитациялоо иши соңку үч жыл ичинде ишке ашты. Ушул тапта чек арада зым тартуу иштери жүрүп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Орусия менен Украина 146дан туткун алмашышты Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча агенттикке кайра директор болдуТууганы зордуктаганы айтылган 4 жашар кыздын апасы арыз жазуудан баш тарттыСадыр Жапаров экоактивист Андрей Панаевге машине белек кылдыАКШ вице-президенти Украинадагы согуш жарым жыл ичинде токтойт деп божомолдойтНетаньяху Газаны ээлөө операциясынын мөөнөтүн кыскартууну талап кылдыКыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машинелерге электрондук кезек киргизилетОшто никаб кийип жүргөн 22 кыз-келинге айып салынды