Агартуу министрлиги “Сейтек STEM”, “Акылтай” жана “Индиго Сапат” жеке менчик мектептери мамлекетке өтпөгөнүн билдирди.
Министрлик тараткан маалыматка ылайык, Юстиция министрлигинде “Сейтек STEM” Сапаева Светлана Дүйшөмбиеванын наамына катталган жана окуу жайдын директору Сатыбалдыев Рустамбек Адилбекович деп көрсөтүлгөн. Ал эми “Алтын Мурас” мектеби 2025-жылы кайра каттоодон өтүп, “Акылтай” деп өзгөртүлүп, “Прогресс” жоопкерчилиги чектелген коомуна катталган. Андан тышкары “Индиго Сапат” билим берүү мекемеси Күзөбаева Чолпон Төлөгөновнага катталганын кошумчалады.
Агартуу министрлиги үч мектеп тең менчик экенин, алар мамлекетке өткөнү тууралуу маалымат жок экенин кабарлады.
Жакында эле агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радиого” “Сапаттын” үч мектеби Агартуу министрлигине өтөрүн, бир мектепте юридикалык жактан тактоо иштери жүрүп жатканын айткан. Бирок сөз кайсы мектептер тууралуу экенин тактаган эмес.
Ал 27-авугстта “Азаттыкка” Бишкектеги “Сейтек STEM” мектеби 1-сентябрда окуучуларды кабыл алып, кадимки тартипте иштей турганын билдирген.
Kaktus.media порталы 1000ден ашык окуучу окуган “Сейтек STEM” 13-августта Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен жабылганын, мектепке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мөөрү басылганын жазган.
2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон. “Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. Фетхулла Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (BTo)