Чүйдөгү карылар үйүндөгүлөр катаал шартта жашап жатканын айтып, арызданышты

Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үйү.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Чүйдүн Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үйүндө жаткан айрым адамдар кара жумуш кылууга мажбур болгонун айтып арызданганын билдирди.

Улуттук борбордун маалыматына ылайык, “кызматкерлер орой мамиле кылып жатат жана жашоо шарт талапка жооп бербейт” деген билдирүүлөрдү текшерүү үчүн 25-августта сөз болуп жаткан жерге барышкан.

Анда Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үйүндө жашап жаткандар администрация катуу режим киргизип, мекеменин аймагынан чыгууга чектөө коюлганын, коркутуп-үркүтүп, айрымдарын кара жумушка иштеткенин айтып беришкен.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор буга байланыштуу жамааттык эки арыз түшкөнүн, бардык чогултулган материалдар Ысык-Ата районунун прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Мекеме өзү окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Абхаз, армян номурлуу сегиз миңге жакын машине мыйзамдаштырылдыАКШда католик мектептин чиркөөсүндөгү ок атуудан эки окуучу каза таптыОрусия Украинанын үч облусуна абадан сокку урду, Днепропетровскиде кармаштар улануудаИИМ Жеңиш чокусунда калган альпинисттин окуясын текшерип жататАгартуу министрлиги “Сейтек STEM” мамлекетке өтпөгөнүн билдирди