15-сентябрга чейин жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн окуйт

Кыргыз Улуттук университетинин имараты. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Бишкектеги бардык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин аралыктан (онлайн форматта) окуй турганын билдирди. Бул медициналык окуу жайларына тиешелүү эмес.

Мындай чечим борбор калаада бир катар эл аралык иш-чараларды өткөрүү, шаар ичиндеги жолдорду оңдоо жана курулуш иштерине байланыштуу кабыл алынган.

Акыркы жылдары чоң-чоң самиттерде, башка өлкөнүн жетекчилеринин мамлекеттик сапары учурунда Бишкекте мектептер, бала бакча жана жогорку окуу жайлары онлайн форматта иштейт. Буга айрым ата-энелер нааразы болгон учурлар бар. (BTo)

Дагы караңыз

Чүйдөгү карылар үйүндөгүлөр катаал шартта жашап жатканын айтып, арызданыштыАбхаз, армян номурлуу сегиз миңге жакын машине мыйзамдаштырылдыАКШда католик мектептин чиркөөсүндөгү ок атуудан эки окуучу каза таптыОрусия Украинанын үч облусуна абадан сокку урду, Днепропетровскиде кармаштар улануудаИИМ Жеңиш чокусунда калган альпинисттин окуясын текшерип жатат