УКМК кытайлык ишкердин машинесин сатып жиберген шектүү кармалганын билдирди

Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюшкан кылмыштуу топтун “Шрам” каймана аты менен белгилүү мүчөсү (А.у.А.) кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында ал кытайлык ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жол менен Лексус GX 460 үлгүсүндөгү машинесин алып, сатып жиберген.

Ишкер автоунааны кайтарып берүүнү талап кылганда шектүү коркутуп, кылмыштуу топтун башчылары менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөткөн. УКМК кармалган адам Ош шаарында жайгашкан “Мухаммед Умар” спорт клубунан чыкканын кошумчалады.

Шектүү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынды. Анын мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда. (BTo)

Дагы караңыз

15-сентябрга чейин жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн окуйт Чүйдөгү карылар үйүндөгүлөр катаал шартта жашап жатканын айтып, арызданыштыАбхаз, армян номурлуу сегиз миңге жакын машине мыйзамдаштырылдыАКШда католик мектептин чиркөөсүндөгү ок атуудан эки окуучу каза таптыМолдованын Эгемендик күнүндө Кишиневго Франция, Германия жана Польшанын лидерлери барышты