2024-жылы 500 мамлекеттик кызматкер Кытайдан кыска мөөнөттүү окуулардан өтүп келген. Башта 50 орун берилген болсо сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ал 500гө жеткен. Ал эми 2025-жылдын аягына чейин 700гө жакын мамлекеттик кызматкер Кытайга барып, окуп келет деп пландалууда.
Бул тууралуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин жолугушканда айтылды.
“Бул программа мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү жана жаңы башкаруу ыкмаларын киргизүүдө маанилүү роль ойнойт”, - деп айтылат агенттиктин маалыматында.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү программаларын кеңейтүү, мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.
Май айында кыргызстандык бир нече блогер Кытайга барып, бул өлкөнүн жашоо-турмушун чагылдырып, видеолорду жарыялашкан. Кытайдын ички жашоосу мындай ачык чагылдырылган учур буга чейин сейрек кездешчү.
2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасы 22,71 млрд долларга жеткен. (BTo)