28-августта Бишкек мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борбору ачылды.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында 4,7 гектар болгон аймакта техникаларды оңдоочу жайлар, административдик имарат жана инфраструктуралык объектилер жайгашкан. Борбор бир эле учурда 150 электробусту жана газ менен жүрүүчү автобусту тейлейт.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров реконструкциядан кийин электробустарды тейлөө жана кубаттоочу борбордун ачылышы транспорттук өнүгүүгө, экологиялык таза шаарга жана шаардыктардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө маанилүү кадам экенин айтты.
“Акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000 ашуун автобус сатып алдык. Мындан ары да транспорттук паркты жаңылоону улантабыз. Бирок азыркы күндө транспорт гана эмес, экология маселеси да курчуй баштады. Калаа тургундарынын коомдук транспортун жакшыртуу менен катар шаардыктарга таза аба да өтө маанилүү. Мындай заманбап чечимдер – биздин келечекке болгон жоопкерчилигибиз!”, - деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле “2-депо” троллейбустардын токтотмо жайы 1971-жылы курулуп, пайдаланууга берилгенин эске салды. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Бишкек шаарына 120 жаңы электробус алынып келинди.
Садыр Жапаров айдоочуларга кайрылып, айдоо маданиятын сактоого жана аялдамага башка айдоочуларга тоскоолдук кылбай жана жеңил машинелер үчүн да тыгын жаратпай токтоого чакырды.
Борбордо коомдук транспорт көп жылдардан бери толук чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Шаардыктар автобустардагы тыгынга жана жайында ысык болгонуна нааразы болушат. (BTo)