Аба ырайы: күн ачык болот

5-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндуз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29 градус жылуу болот.

Бишкектежаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 32…34° жылыйт.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Дагы караңыз

ИИМ Камчы Көлбаевдин жакын кишиси Москвадан кармалганын билдирдиКыргызстандан кара металл ташып чыгууга убактылуу тыюу салындыУКМК Ош шаардык сотунун судьясы менен прокуратура кызматкери кармалганын билдирдиТИМ жарандарды АКШда жүрүү мөөнөтүн эске алууга чакырдыУкраина: Константиновкада Орусиянын чабуулунан тогуз адам каза болду