Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстандан кара металл ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды


"Ынтымак ордо" админстративдик имараты.
"Ынтымак ордо" админстративдик имараты.

Кыргыз өкмөтү кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн анын куймаларын Кыргызстандан ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, убактылуу тыюунун мөөнөтү алты ай деп белгиленген.

Кабыл алынган документ боюнча Экономика жана коммерция, Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бул токтомдо көрсөтүлгөн зарыл чараларды көрүү боюнча иш алып барат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эмне себептен ушундай чечим кабыл алынганы маалыматта белгиленген эмес.

Кыргыз өкмөтү августтун соңунда бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салган. Мындай чечим, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, эттин баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG