Чолпон-Ата шаарында 34 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

5-сентябрдын таңында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы төрөт үйүндө 34 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Маалыматты “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева ырастады. Ал келиндин абалы оор болуп Чолпон-Ата шаарына дарыгерлер да жиберилгенин, бул окуя иликтенерин айтты.

Каза болгон келин Басир кызы Элнуранын жолдошу Дөөлөтбек Жылкыбаев бийликке кайрылып, жубайы дарыгерлердин шалаакылыгынан көз жумганын билдирип, акыйкат иликтөөнү талап кылды. Ал аялы кесарево жолу менен төрөгөнүн, дарыгерлер жакшы карабай койгонун айтууда. Наристе аман калган.

Маалымат боюнча, Басир кызы Элнура менен Дөөлөтбек Жылкыбаев буга чейин төрт балалуу болушкан. Келин бешинчи наристесин төрөгөндөн кийин каза тапты.

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраеванын июнь айында берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы алты айында 9 аял төрөттөн каза болгон.

Кыргызстанда аялдар кош бойлуу кезинде жана төрөт учурунда каза болгон учурлар буга чейин да кездешкен. Алардын жакындары буга дарыгерлерди күнөөлөп, “туура эмес дары берген же жакшы караган эмес” деген айыптарды койгон учурлар бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Казак бийлиги тышкы иштер министринин кармалганын четке кактыИзраил Газа шаарынын 40 пайызын көзөмөлдөп жатканын билдирдиУКМК Чаткал токой чарбасынын башчысы 5 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарладыЭсеп палатасы: Агартуу министрлигинде 723 млн сом мыйзам бузуу аныкталды