Эсептөө палатасы Билим берүү жана илим министрлигиндеги 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, министрликте 723 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Мекеменин бүгүн, 4-сентябрда тараткан маалыматына караганда, 2023-жылы министрликтин бюджети өзгөртүүлөр менен 67 млрд 724 млн 502,3 миң сомду түзгөн, анын ичинен кассалык чыгымдар 61 млрд 821 млн 556,0 миң сомду түздү.
Аудиттин натыйжасында жалпы бузуулар 723 млн 554,6 миң сомду түзгөнү аныкталып, анын ичинен 289 658,7 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш. Мунун 214 млн 722,5 миң сому же 74,13% аудит учурунда калыбына келтирилген.
Эсептөө палатасы аудиттин жүрүшүндө бюджеттин аткарылышындагы кемчиликтер, бюджет долбоорун түзүүдө жана кароодо, бухгалтердик эсеп жана отчеттук документтердеги, мүлктү пайдаланууда, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
Мекеменин маалыматында, Кыргызстандын билим берүү тармагында 89 жогорку билим берүү мекемеси бар (33 мамлекеттик, 56 жеке менчик), аларда 222 699 студент билим алат. Мындан сырткары орто кесиптик окуу жайларында 100 728 студент, кесиптик лицейлерде 31 455 студент билим алат. 2070 мектеп каржыланып, 1млн. 263 миңден ашуун окуучу окусу, 94 683 мугалим эмгектенет. (КЕ)
Шерине