Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:42

УКМК Таласта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын маалымдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Талас облусунун тургуну, мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон, "Шүкүн" кайманы аттуу Т.Ш.Т. деген жаран кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 5-сентябрда кабарлагандай, аталган жаран А.Батукаев, К. Асанбек (Камчы Көлбаев), А.Бокушов жана Ч. Жумагуловдор менен абакта бирге жаза өтөгөнү жана алар менен байланышы бардыгы, криминалдык чөйрөдө маркум К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунда турганы такталган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочуу жайына киргизилди, жакындары жана жактоочусу комментарий бере элек.

4-сентябрда Ички иштер министрлиги криминалдык чөйрөдө “Узун Улан” каймана аты менен белгилүү 1972-жылы туулган Б.У.К. аттуу Кыргызстандын жараны Москвада кармалып, Кыргызстанга алып келингенин билдирген.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери аны менен байланышы бар делген бир катар адамдар камалып, айрымдары абактан чыккан.
Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ошондон бери уюшкан кылмыштуу топ менен аёосуз күрөшүп жатканын, мындан ары Кыргызстанда “мыйзамдагы ууру” деген түшүнүк болбой турганын кайталап келет.

ИИМ ушул жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, иниси кармалганын билдирген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG