Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Абхаз, армян номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү 1-октябрда аяктайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Апрель айынан сентябрга чейинки аралыкта Кыргызстанда Абхазия, Армения жана башка өлкөлөрдөн алып келинген 8,5 миңден ашуун автоунаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги 4-сентябрда маалымдады.

Бул унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгү быйыл, 1-октябрга чейин жүргүзүлөт. Министрлик абхаз, армян жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунаалардын ээлерин бул мөөнөткө чейин машиналарын мыйзамдаштырууга чакырды. Өнөктүк аяктаган соң, мыйзамдаштырылбаган унааларды өлкөдө айдап жүрүүгө тыюу салынат.

Маалыматка ылайык, кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки машинелердин ээлери 50 миң сом, 2 литрден жогору болгондор 100 миң сом төлөйт.

Машиненин документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл.

Мындай автоунааларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилет. Машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG