Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Кытай Түркмөнстандагы "Галкыныш" кенин иштетүүгө катышат


Turkmenistan -- A general view shows a gas processing plant during a launching ceremony at Galkynysh gas field, September 4, 2013
Turkmenistan -- A general view shows a gas processing plant during a launching ceremony at Galkynysh gas field, September 4, 2013

Кытай "Галкыныш" газ кенинин төртүнчү этабын иштетүү боюнча ири эл аралык тендерди утуп алганын түркмөн басылмалары президент Сердар Бердымухамедовдун 2-сентябрда Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушууда айткандарына шилтеме кылып жазды.

Бердымухамедов Түркмөнстан менен Кытайдын ортосундагы газ кызматташтыгынын негизги принциптери боюнча келишимдин долбоору даярдалганын жана келечекте ал Башкы келишимде белгиленген принциптердин негизинде өнүгө турганын билдирди.

15 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан Түркмөнстан-Кытай газ түтүгү түркмөн-кытай экономикалык кызматташтыгынын ачык мисалы деп аталат.

Маалыматта айтылгандай, Си Цзиньпин Түркмөнстан менен бул багытта кызматташуу Кытай үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, түзүлгөн шарттарга кытай тараптын колдоосуна ыраазычылык билдирди.

“Галкыныш” дүйнөдө чоңдугу боюнча экинчи орунда турган газ кени. Расмий маалыматтарга караганда, "Галканышта" газ кенинин кору "Яшлар" и "Гаракөл" кендерин кошкондо 27 триллон кубметр деп бааланууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG