Украина 68, Орусия 34 дрон атып түшүргөнүн билдиришти

Украина. Дрон чабуулуна кабылган жер.

Украина 6-сентябрга караган түнү Орусиянын 91 согуштук дронунун бутасына алынганын, алардын 68и атып түшүрүлгөнүн же жок кылынганын билдирди.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, сегиз жерге 18 дрон тийди, төрт жерге учкучсуз учактын сыныгы түштү.

Согуштук дрондордун чабуулуна кабылганын Орусия да билдирүүдө. Коргоо министрлигинин маалыматында айтылгандай, түнкү 11ден таңкы 7ге чейинки убакыт аралыгында украин аскерлери Орусиянын аймагына (Смоленск, Брянск, Белгород, Краснодар, Калуга) учурган дрондордун 34ү "кармалды же жок кылынды". Мындан тышкары Воронеж бийлиги алты дрон жок кылынганын кабарлады.

Эки өлкө ортосундагы согуш 2022-жылдын февраль айында Москва коңшусуна толук масштабдуу кол салуусун баштагандан бери уланып келе жатат. (RK)

Дагы караңыз

Жапаров жогору жактагы коррупция жоюлганын, ортоңку-төмөнкү катмарда жоголбой жатканын айтты"Ашар бирикмеси" коомдук фондунун негиздөөчүсү кайрадан алдамчылыкка шектелип кармалдыКыргызстандын эл аралык резерви 7 млрд доллардан ашып, рекорд жараттыТүркияда кыргызстандык жарандардын укуктарын коргоо маселеси талкууланды