Путин кыйноого каршы конвенцияны денонсациялоону Мамдумага сунуштады

Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган жазаны алдын алуу боюнча Европа конвенциясынан чыгууну караган мыйзам долбоорду Мамлекеттик думага сунуштады.

Мындай чечимди орус парламенти колдосо Орусиядагы түрмөлөргө эл аралык инспекторлор кире албай калат. Буга кошумча, орус түрмөлөрүндө кармалгандардын арыз, даттанууларын Кыйноолорго бөгөт коюу боюнча европалык комитет карабайт.

Кремль сунуштаган мыйзам долбоордо соңку чечимге 2023-жылдан бери Орусия Европа комитетинде өкүлү жоктугу себеп болгону көрсөтүлгөн.

Орусия Украинага кол салган соң Европа кеңеши Москванын жаңы өкүлүн шайлоо жараянын бөгөттөгөн эле. Дал ушул чечимди себеп кылып орус бийлиги адам укуктарынын маанилүү институту болгон бул уюмга мүчөлүктү токтотууну сунуштап жатат. Укук коргоочулар мындай кадам Орусиянын жабык жайларындагы укугу бузулгандар үчүн чоң сокку болорун эскертүүдө.

Кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган жазаны алдын алуу боюнча Европа конвенциясын Европа кеңешине мүчө өлкөлөр кабыл алган. Орусия 2022-жылы бул кеңештин курамынан чыгып кеткен эле.

Дагы караңыз

Иерусалимдеги чабуулдан алты киши, Газадагы ок атуудан 20дан ашуун адам каза таптыГаза: Трамп ок атууну токтотуу боюнча жаңы сунушун киргиздиЖапаров Европанын авиациялык "кара тизмесинен" чыгууга сүйлөшүүлөр акыркы этапка келгенин айттыКоррупцияга каршы күрөш: Ортодон төмөнкү катмар паракорчулуктан арыла элекпи?