Амангелдиев "Яндекс" таксинин баасын түшүрүү тууралуу сүйлөшүү болорун билдирди

"Яндекс" компаниясынын машинеси.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев орусиялык “Яндекс” компаниясы Кыргызстанда такси рыногунда монополистке айланып баратканын айтты.

9-сентябрда “Биринчи радиодогу” маегинде ушул жылдын аягына чейин такси кызматын көрсөткөн айдоочулардын баары милдеттүү түрдө лицензия алууга өтөрүн, “Яндекс” ишканасы менен бааны түшүрүү боюнча сүйлөшүүлөр да болорун билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2024-жылдын 29-ноябрында салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселерин тинткен. УКМК Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бир нече жолу эскерткенине карабастан компания такси менен алектенген айдоочуларга пайыздык чендерди негизсиз жогорулатканын, буга байланыштуу таксинин да баасы кымбаттап кеткенин кабарлаган.

Быйыл 31-январда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолукканда “орусиялык компанияга” кысым көрсөтүлүп жатканын айтып сынга алган.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Яндекс.Такси” компаниясын буга чейин эле Кыргызстандын такси рыногунда монополист деп тапкан. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет. Айрыкча эртең менен эл жумушка баратканда жана кечинде үйүнө кайткан учурда кыска аралыкка эле көп акча чыгат.

“Яндекс” компаниясына Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө Казакстанда, Өзбекстанда бул тармакта реалдуу атаандаш жок. (BTo)

Дагы караңыз

Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирип турууга кепилдик бергени айтылдыУкраина орус армиясы Киевде жылуулук өндүргөн ишканага сокку урганын кабарладыИерусалимдеги чабуулдан алты киши, Газадагы ок атуудан 20дан ашуун адам каза таптыЖапаров Европанын авиациялык "кара тизмесинен" чыгууга сүйлөшүүлөр акыркы этапка келгенин айттыДепутат Сурабалдиева чет өлкөлүк инвесторлорго кепилдик маселесин көтөрдү