Чехиянын атайын кызматы беларустук тыңчылар түйүнү кармалганын билдирди

Беларустун Прагадагы консулдугу.

Чехиянын атайын кызматы румыниялык жана венгриялык кесиптештери менен биргеликте беларустук тыңчылар түйүнүн кармаганын жарыялады. 9-сентябрда Чехиянын Коопсуздук жана маалымат кызматы билдиргендей, Прагадагы Беларус элчилигинин кызматкери дипломатиялык макамына жамынган "атайын кызматтын агенти" болгондуктан персона нон грата деп жарыяланды.

Ушул эле күнү Румынияда Молдованын коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчилеринин бири "Беларустун кызыкчылыгына иштеген тыңчы" катары кармалды. Кабарга караганда, Беларустун Мамлекеттик коопсуздук комитети Европанын ар кайсы шаарларында "агенттер түйүнүн" түзүп, чалгындоо маалыматтарын топтоп турган.

72 саат ичинде Чехиядан чыгып кетүүгө буйрук алган беларус дипломатынын ысымы жана кызматы айтылган жок. Окуядан улам Чехиянын коопсуздук кызматынын жетекчиси орусиялык жана беларустук дипломаттардын Шенген аймагында эркин жүрүү укугун чектөө сунушун эске салды. Мындай сунуш Европа Биримдигинин жыйындарынын биринде айтылган, азырынча колдоо таба элек.

Чехиянын атайын кызматы тараткан бул билдирүүгө расмий Минск азырынча комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 4,3 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алатБыйыл алты айда “Коррупция” беренеси менен 278 кылмыш иши козголдуЕБ өкүлү Вашингтондо Орусияга каршы санкциялар маселесин талкуулоодоЫсманов Энергетика министрлиги АЭС куруу боюнча сунуш берерин айтты