Украинанын 15 облусу жүздөгөн дрон, ракета менен аткыланды

Житомир аймагы. Архив сүрөт.

10-сентябрга караган түнү Украина Орусиянын кезектеги чабуулуна кабылганын, түрдүү типтеги 415 дрон жана 40тан ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета менен сокку урулганын өлкө башчысы Владимир Зеленский билдирди.

Хмельницкий облусунда тигүү цехи бутага алынганы, жалпысынан 15 облус аткыланганы, Житомир облусунда адам өмүрү кыйылганы маалымдалды.

Украинага сокку урулуп жаткан чакта анын коңшусу Польшанын аймагына да орусиялык учкучсуз учактар кирип барганын кошумчалаган Зеленский Польша мүчө болгон НАТО аймагында Орусиянын бир эмес сегиз дрону учуп түшүрүлгөнүн кошумчалады жана муну "эскалация, Европа үчүн өтө кооптуу окуя" деп атады.

Орусия Украинаны дрон менен аткылап жатканда алардын айрымдары Польшанын аймагына чейин жетип, кээ бир жерлерине сыныктары түшүп калган окуялар буга чейин да болгон. Бирок бир нече учкучсуз учак кармалганы, Польша аларды атып түшүрүүгө абадан коргонуу күчтөрүн колдонууга мажбур болгону биринчи жолу катталууда. (RK)

Дагы караңыз

Парламент Жалал-Абаддын аталышын өзгөртүүнү дароо үч окууда колдоду Трамп Евробиримдикке Кытай товарларына тарифти 100% көтөрүүнү сунуштадыИзраил Дохада ХАМАСтын жетекчилигине сокку урганын билдирдиПольша орусиялык дрондорду жок кылуу үчүн абадан коргонуу күчтөрүн колдонду