Кыргыз-тажик чек арасы: 90 чакырымга зым тартылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасынын 90 чакырымына зым тартылды. Ушу тапта чек ара тилкесиндеги калктуу конуштарга жакын өткөн чек ара сызыгы тосулуп жатат. Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, чек арага зым тартуу Ворух анклавынын айланасына жетип калды.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Узак жылдар талаштуу болуп, чыңалууларды жаратып, куралдуу жаңжалдарга себеп болгон чек ара маселеси соңку үч жыл ичинде такталып, чек арада зым тартуу иштери быйыл апрелде башталган.