Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жерине карылар үйү, бала бакча курулат

Алмазбек Атамбаевдин үйү. Кой-Таш, 2019-жыл.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Тимур Малбашев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жеринин жарымына карылар үйү, жарымына бала бакча куруларын айтты.

Ал мурдагы президенттин үйү салынган жер убагында мамлекетке таандык болгонун, соттун чечими менен жер мамлекетке кайтарылганын билдирди. Анын сөзүнө ылайык, ал аймакка карылар үйү салынып Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги карылар үйлөрүндөгү карыялар көчүрүлөт. Андан тышкары Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакынкы айылдардын балдарына 500 орундуу балдар бакчасы курулат.

“Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылга бүткөрүлөт. Ал эми Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр түшөт”, - деди ал.

Тимур Малбашев мамлекетке таандык болуп, кийин жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр менен жер тилкелери ушул тапта мамлекетке кайтарылып жатканын кошумчалады. Буга Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үй мамлекетке өткөрүлүп, ордуна реабилитациялык борбордун курулганын мисал келтирди.

Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан Бакиевдердин дагы бир жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуп, жарандарга берилгенин билдирди.

12-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин уулу, “Социал-демократтар” партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев сот аткаруучулар өзүн, апасын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын кабарлап, муну “мыйзамсыз” деп атаган. Ал партиянын штабын жана “Медиа-Форумду” да мамлекеттин карамагына алуу аракети жүрүп жатканын белгилеген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш” иши боюнча Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген. Ал эми Аскарбек Шадиевге 15 жыл алты ай жаза берилген.

Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданган.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу жемкорлук, “Терек” сурма кениндеги коррупция иштерине айыпталган. ЖЭБ ишине байланыштуу Аскарбек Шадиевге да айып коюлган.

Ушул тапта Кой-Таш иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Алмазбек Атамбаев менен Аскарбек Шадиев Кыргызстанда болбогондуктан иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин дагы бир жолу көтөрдү.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

Аскарбек Шадиев 2017-жылдын соңунда биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалып, иштен кеткен соң 2018-жылы ага жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Ал ошол эле 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

2018-жылдын 25-декабрында аны сыртынан 10 жылга кесүү жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

Британия менен Жапония Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти Непалда көчө кагылышууларында өлгөндөр 50дөн ашты, 12 миңдей киши түрмөдөн качты Америкадан депортацияланган түштүк кореялык жумушчулар мекенине кайтарылдыЖогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттардан кол топтоо башталдыМинистр Сыргабаевдин тууганы “Салих и Ко” фирмасынын директору кызматынан кеттиБишкекте күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болдуНарындагы жол иши боюнча кармалган транспорт министринин орун басары эркиндикке чыкты