Депортациядан кийин фамилиясын өзгөрткөн мигранттар тууралуу маалымат топтолот

Орусиядагы борборазиялык мигранттар (архивдик сүрөт)

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) депортациядан кийин аты-жөнүн өзгөртүп, өлкөгө кайра кирген мигранттар тууралуу маалыматты Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) өткөрүп бере баштайт.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Ага ылайык, 2026-жылдын 1-мартынан тарта Орусиянын Ички иштер министрлиги жана чек ара кызматтары өлкөгө кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүк жарандардын фамилиясы, аты-жөнү же туулган күнү өзгөргөнү тууралуу маалыматты федералдык кызматка бериши керек болот.

Маалыматка караганда, мындай чара «өлкөгө кирүүгө уруксаты жок адамдардын тизмесин түзүүгө жана аларды чек арадан өткөрбөөгө» шарт түзөт.

Орусия мигранттарга “кара тизмеден” чыгууга берген кошумча убакыт 10-сентябрда аяктады. Буга чейин 80-90 миңдей кыргызстандык “кара тизмеде” деп айтылган эле. Орусиянын ИИМ өкүлү болгону 14 600дөн ашык кыргызстандык мигрант документтерин мыйзамдаштырганын билдирип, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн калган мигранттарга 11-сентябрдан тартып тийиштүү чаралар көрүлөрүн эскерткен.

ТИМдин Орусиянын күч кызматтарына таянып берген маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстандын 224 миң жараны Орусияда мыйзам бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Үч жүздөй кыргызстандык мигрант депортацияланган. (AiA)

Дагы караңыз

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жерине карылар үйү, бала бакча курулатБритания менен Жапония Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти Непалда көчө кагылышууларында өлгөндөр 50дөн ашты, 12 миңдей киши түрмөдөн качты