Орусиядан кароосуз калган беш ымыркай алып келинди

Ымыркайлар үйүндөгү бөбөк. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын балдар үйлөрүнө калтырылган кыргызстандыктардын беш ымыркайы Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, наристелер Бишкектеги атайын балдар үйлөрүнө жайгаштырылды жана социалдык коргоого алынды.

Ошондой эле ымыркайларды биологиялык туугандарына өткөрүп берүү маселеси каралып жатат.

Москвадан буга чейин да кароосуз калган наристелер алып келинип, балдар үйлөрүнө же Кыргызстандагы туугандарына өткөрүлүп берилген учурлар болгон.

2011-жылдан тартып Орусиянын ар кайсы шаарларында кыргызстандык мигрант энелер төрөп, балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети башталган. Андан сырткары Казакстан, Сирия жана Ирактан дагы ондогон балдар келген. Алардын айрымдары өз туугандарына берилген, арасында асырап алары жоктору да болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Лондондо ашынган оңчулдардын мигранттарга каршы акциясына миңдеген киши чыкты Ташкент Ооганстанга 57 тик учак кайтарылат деген маалыматты төгүндөдү Польша дрон чабуулу коркунучунан улам аскердик авиациясын көтөрдү "Жактоочу тапканга убакыт бергиле". Айжигитовдун иши адвокатсыз карала баштады