АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун сапары Израилдин ХАМАСтын (АКШ жана Евробиримдик террордук деп таанылган топ) Катардагы лидерлерине соккусуна жана Иордандын Батыш жээгиндеги оккупацияланган аймактарга еврейлердин конуштарын кеңейтүү чечимине нааразылыктар күч алып турган кезге туш келди.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Рубио президент Дональд Трамп Израилдин Катардын аймагына сокку уруусуна "канааттанбаганын", бирок АКШ Израилди колдоону уланта берерин билдирди.
2023-жылы 7-октябрынан бери ХАМАСтын колунда 48 израилдик барымтада кала берүүдө. ЦАХАЛдын маалыматына караганда, алардын 20 чактысы гана аман.
Катар АКШ менен чогуу Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууга арачылык кылып келет.
Шейшембиде Израил Дохадагы ХАМАСтын лидерлери жыйын өткөрүп жатканы айтылган үйдү аткылаган. Ак үй муну "АКШнын да, Израилдин да кызыкчылыктарына дал келбеген, бир тараптуу эскалация" деп сыпаттаган. Бул сокку араб өлкөлөрүнүн нааразычылыгын жаратып, Катар ортомчулук кылып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учураткан.
Жума күнү Марко Рубио Ак үйдө Катардын премьер-министри Мухаммед бин Абдулрахман ал-Тани менен жолугушкан. Ошол эле күнү кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто Катардын өкмөт башчысы менен чогуу тамактанганы кабарланды.
Рубионун сапары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сентябрдын аягында Нью-Йоркто өтүүчү жыйынын утурлай болуп жатат. Жыйында Франция, Улуу Британия сыяктуу бир катар өлкөлөр Палестин мамлекетин таануусу күтүлүүдө.
Вашингтон бул ХАМАСтын позициясын күчөтүп, Израилди Батыш жээкти аннексиялап алууга түртөт деп эсептейт.
Бейшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху палестиндиктер өздөрүнүн мамлекети деп эсептеген аймактар аркылуу өтүүчү Батыш жээкти көздөй конуштарын кеңейтүү планын ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол койгон. Өткөн жумада Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) мындай кадам "кызыл сызыктан" өтүү болуп саналарын жана 2020-жылы БАЭ менен Израилдин ортсунда түзүлгөн келишимди жокко чыгарарын эскерткен.