Ташиев быйыл 200 млрд сомдук мүлк мамлекетке кайтарылганын айтты

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын алты айында мурда-кийин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 200 млрд сомдук мүлк мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы Оштун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын эли менен жолугушууда айтты. Камчыбек Ташиев УКМК убагында мыйзамсыз же арзан эле сатылып кеткен мамлекеттин жерин, имарат, завод-фабрикаларды мамлекетке кайтаруу иштери уланып жатканын, жылдын аягына чейин мамлекетке алынган мүлктөрдүн баасы 300 млрд сомго чейин жетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы 17-декабрда басма сөз жыйынын өткөрүп, акыркы төрт жылда мамлекетке 1174 объект өткөрүлгөнүн кабарлаган. Алардын ичинде жер тилкелери, соода аянтчалары, пансионаттар, стадиондор, лагерлер, мектептер, бала бакчалар, заводдор жана башка мүлктөр бар.

Мамлекетке өткөн объектилердин жалпы баасы 130 млрд 510 млн сом деп бааланган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 1993-жылдан бери 7 миңден ашык ар кандай багыттагы мүлк менчиктештирилген. Алардын жарымынан көбү калкты турмуш-тиричилик жактан тейлеген, соода жана коомдук тамактануу тармагындагы мүлктөр болуп эсептелет.

Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин да бир нече ирет билдирүү жасаган. Ал 2024-жылы 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.

Андан бери Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ 20дан ашуун кытайлык компанияга санкция салды Эрназар Акматалиев күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло алдыЗеленский Орусиянын мунай жайларына соккуларды "натыйжалуу санкция" деп атады Поляк президенти өлкө аймагына НАТОнун аскерин жайгаштырууну жактырды Орусиядан кароосуз калган беш ымыркай алып келинди