ЖКда өзүн-өзү таркатуу боюнча 30дан ашык депутаттан кол чогултулду

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогултулду. Бул маалыматты “Азаттыкка” кол койгон депутаттардын айрымдары ырастады.

Эми демилге көтөрө турган депутаттык топ маселени парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынына алып чыгып, колдоо тапса сессияда каралат.

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңешти таркатуу тууралуу демилгеге кол койбогонун, парламент кийинки жумада өзүн-өзү таркатуу ыктымалдуулугу жогору экенин айтып, айрым саясатчылар шайлоо кампаниясына даярдык баштаганын кошумчалады.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60тан ашык депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек.

Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев 1-сентябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү колдой турганын айткан.

Буга удаа эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров да “Азаттыкка” маек берип, эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Дүйнө чемпионатында Бекзат Алмаз уулу күмүш медал алдыАКШ менен Кытай TikTok боюнча алдын ала макулдашууга келдиСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутпоого үндөдүАмерикалык аскерлер Беларуста «Запад-2025» машыгуусунун полигонуна барып кеттиАстанада коммуналдык кызматтар жана акимчиликтер эми ишин 7.30да баштайт