Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Астанада коммуналдык кызматтар жана акимчиликтер эми ишин 7.30да баштайт


Астана шаары
Астана шаары

15-сентябрдан тарта Астанадагы айрым уюмдар жаңы иш тартибине өттү. Tengrinews.kz. маалымдагандай, эми коммуналдык кызматтар жана акимчиликтер иш күнүн саат 7.30да баштайт.

Кээ бир мамлекеттик органдар менен компаниялар да саат 7.00 же 8.00дөн тартып ачык болот.

Депутат Асылбек Нуралин мындай саамалыкты түшүндүрүп, «эртең менен адам эффективдүүрөк иштейт, андан тышкары жаңы тартип жолдордогу тыгындарды алдын алууга жардам берет», - деп айткан.

Мектептер, ооруканалар жана башка мамлекеттик, муниципалдык мекемелер буга чейинки жадыбал менен ишин уланта бермекчи.

Бийлик жаңы иш тартибин казак башкалаасындагы тыгындарды азайтуу зарылчылыгы менен түшүндүрөт.

Шаар акимчилигинин санактарына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер ишин эртерээк баштаса, тыгындар 15-20% азайышы мүмүмкн.

Казакстан 2024-жылы бирдиктүү убакыт алкагына өткөндө бир топ нааразылык айтылган. Чыгыш тараптагы аймактарда эми күн эрте чыгып, күүгүм эрте кирет.


Шерине

XS
SM
MD
LG