"Ата-Бейитте" Баткенде чек араны коргоп курман болгон жоокерлер эскерилди

Баткенде чек араны коргоп курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы. 16-сентябрь, 2025-жыл.

16-сентябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлер эскерилди. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Мамлекеттик чек араны коргоп жатып курман болгон аскерлердин урматына тургузулган эстеликтин ачылышы быйыл 28-майда өткөн. Гранит такталарга 2000-жылдан бери болуп келген куралдуу кагылышууларда каза болгон 59 аскер кызматкеринин ысымы жазылган. Алардын ичинен 50 адам чек арачылар.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза тапканы расмий жарыяланган. 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 2022-жылы 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.

Быйыл 13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек ара тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт башчы өлкөнүн ички дүң өнүмү 1 триллион сомдон ашканын айттыКыргызстан Европанын авиациялык "кара тизмесинен" 2026-жылы чыгарылат деп күтүлүүдөУлуттук банк валюта базарына 81 млн 500 миң доллар саттыКыргызстан Палестин мамлекетин түзүүнү колдой турганын кайталадыШаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алындыЖКда өзүн-өзү таркатуу боюнча 30дан ашык депутаттан кол чогултулдуДүйнө чемпионатында Бекзат Алмаз уулу күмүш медал алды