VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары качан өтөрү белгилүү болду

Кыргызстанда 2018-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив.

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети билдирди.

Анын ачылышы 31-августта Бишкек шаарында, ал эми жабылыш аземи 6-сентябрда Ысык-Көлдө болот. Оюндардын негизги программасы Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89дан ашуун өлкөдөн катышуучулар менен коноктор келет деп күтүлүүдө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.

2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш бердиТрамп: Согуш токтошу үчүн Зеленский келишимге барышы керек ЖМК: Назарбаевдин жубайы беш айдан бери ооруканада жатат 2020-жылы Бейруттагы жарылууга байланыштуу орусиялык ишкер Болгарияда камалдыУКМК аткезчилик менен алып келинген дарылар сакталган кампа табылганын билдирди"Ата-Бейитте" Баткенде чек араны коргоп курман болгон жоокерлер эскерилдиБыйыл Кыргызстанда сегиз айда жол кырсыгынан 540 адам каза болду