Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңешти өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттын колу коюлган сунуш ага түшкөнүн жана андагы жүйөлөр негиздүү экенин айтты.
Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча сунуш берген депутаттардан турган демилгелүү топ спикерге берген катында кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрүн, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылган.
Нурланбек Тургунбек уулу демилгени колдой турганын айтып, эки шайлоонун удаа өтүшү саясий жана экномикалык жактан өлкөгө кыйынчылык жаратарын кошумчалады.
“Баш мыйзамга ылайык, аракеттеги парламентти таркатууга эч бир сырткы күчтүн, президенттин же аткаруу бийлигинин мыйзам боюнча укугу жок. Парламент өзүн-өзү гана тарката алат. Атайын демилге тобу түзүлүп, жүйөлүү себептер менен төрага катары сунушту беришти. Процедура боюнча тапшырмалар берилип, иш жүрүп жатат. Мен демилге көтөргөн топтун жүйөлөрүн толук окуп чыктым. Жүйөлөрү негиздүү”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин 17-сентябрдагы жыйынында депутат Эрулан Көкүлов спикердин сөзү тууралуу пикири менен бөлүшүп, төрага буга чейин “парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт” деп айтып келгенин эске салды.
“Эдил Байсалов буга чейин “Жогорку Кеңеш тарабайт” деп интервью берди. Ошондо сиз да жазында эле чыгып “Жогорку Кеңеш тарабайт” деп айттыңыз эле. Ошондо сиздин сөзүңүзгө ишенсек болобу же жокпу, түшүнбөй калдым”, - деди ал.
Нурланбек Тургунбек уулу ал учурда “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынып, президенттик шайлоонун датасы белгилене элек болчу” деп жооп берди.
Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60тан ашык депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек.
Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев 1-сентябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү колдой турганын айткан.
Буга удаа эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров да “Азаттыкка” маек берип, эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген. (BTo)