Бишкектеги жол тыгыны боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Бишкектеги жол тыгыны.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 17-сентябрдагы жыйынында Бишкек шаарындагы жол тыгыны боюнча маселе көтөрүп, бул көйгөйдү Министрлер кабинети тез арада чечиши керектигин айтты.

“Жакында Британиянын экспортту колдоо агенттигинин өкүлдөрү келди. Алар Кыргызстанга 2 млрд АКШ долларын узак мөөнөткө насыяга бергенге даяр экенин билдиришти. Алар чоң долбоорлорду күтүп жатышат. Министрлер кабинетинин, мэриянын кызматкерлери кирген жумуш тобу түзүлгөн. Ошол топ Бишкек шаарына тез жүрө турган жеңил поезддерди ишке киргизүү планын берсе Британиянын экспортту колдоо агенттиги колдойт деп ишенем”, - деди ал.

Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгыны негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Айрыкча сентябрь айында мектептер, жогорку окуу жайлары ачылгандан бери адамдар сааттап жол тыгынында калууда. Бул убакыт аралыгында такси кызматынын да баасы эселеп көтөрүлөт.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекке күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң машинага деп эсептелгенин, жол тыгынын чечүү аракети көрүлүп жатканын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

"Клооп" мурдагы операторлору коюлган күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөдөн баш тартканын билдирдиМинистр Кыргызстан энергетикалык кризистен эки жылда чыгарын айттыТөрага Жогорку Кеңешти өзүн-өзү таркатуу сунушун колдодуVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары качан өтөрү белгилүү болдуСадыр Жапаров Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш бердиТрамп: Согуш токтошу үчүн Зеленский келишимге барышы керек ЖМК: Назарбаевдин жубайы беш айдан бери ооруканада жатат