Тогуз айда Орусиянын көзөмөлдөөчү реестринен 123 миңден ашык кыргыз жараны чыкты

Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 15-сентябрга карата ар кандай миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Орусиянын көзөмөлдөөчү реестринде Кыргызстандын 72 миң 739 жараны калганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-январынан 10-сентябрына чейин Кыргызстандын 39 миң 96 жараны Орусиядан чыкпастан, миграциялык органдарга кайрылып документтерин тууралап алышкан. Мындан тышкары, 84 миң 86 кыргыз жараны Орусиядан чыгып кеткендиктен көзөмөлдөөчү реестрден чыгарылган.

Жалпысынан, 1-январдан 10-сентябрга чейин “тобокел тизмесинен” 123 миңден ашык кыргыз жараны чыгарылган.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш болчу. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылып, ал да аягына чыкты. Эми укуктук абалын жөнгө салбаган мигранттар өлкөдөн мажбурлап чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Польшадагы тажик жазуучусу президент Рахмондон мекенине кайтууга уруксат берүүнү сурандыЕвробиримдиктин Орусияга каршы кезектеги санкциясына банктар, энергетика, криптовалюта кирет Президент “Ош-Ситинин” курулушу боюнча комиссия түздүУКМК Кыргызстанда казак жараны кармалганы боюнча түшүндүрмө бердиБишкектеги жол тыгыны боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү"Клооп" мурдагы операторлору коюлган күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөдөн баш тартканын билдирдиМинистр Кыргызстан энергетикалык кризистен эки жылда чыгарын айттыТөрага Жогорку Кеңешти өзүн-өзү таркатуу сунушун колдодуVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары качан өтөрү белгилүү болдуСадыр Жапаров Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берди