Спикер парламентти кезексиз таркатууну колдоду: Шайлоо качан болот?

Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин өзүн таркатуусу боюнча демилгени колдой турганын билдирди.

Ал 32 депутаттын колу коюлган сунуш ага түшкөнүн жана андагы жүйөлөр негиздүү экенин айтты. Парламенттин тарашы анык болуп калды, бирок качан тарайт жана шайлоо кайсыл убакка белгиленет? Шайлоо тилкелери кандай чечилди?

Дагы караңыз Төрага Жогорку Кеңешти өзүн-өзү таркатуу сунушун колдоду

Мындан төрт жыл мурда кезексиз шайлоо менен келген кыргыз парламенти өзүн-өзү таркатып, кайрадан кезексиз шайлоо өткөрүүгө киришти. 17-сентябрдагы жалпы жыйында бул жөнүндө атайын сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 32 депутат кол койгон демилгенин жүйөлөрү жөндүү экенин айтты.

“Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча процедура жүрүп жатат. Демилге тобу менин дарегиме төрага катары кайрылууну беришти. Мен ал кайрылууну алгандан кийин, бардык процедуралардын негизинде тапшырмаларды берип, иш жүрүп жатат. Өзүңүздөр билесиздер, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоонун датасын бекиткенбиз. Январь айынын акыркы жекшембиси деп. Андыктан, биздин кезектеги шайлоо эмдиги жылы – 2026-жылы ноябрдын аягында өтүшү керек болчу. Практикалык негизде караганда, эки шайлоо параллелдүү өтөт экен. Мындай чоң маанидеги, эң негизги шайлоолордун бир эле учурда биринин-артынан бири, же болбосо экөөнү катар өткөрүш – бул, өзүңүздөр билесиздер, саясий жактан дагы, экономикалык жактан дагы бир топ маселе жаратат. Андыктан, бул абдан негиздүү деп ойлойм. Экинчиси, башкы шайлоо өткөрө турган орган – Борбордук шайлоо комиссиясы дагы негиздеп атат, техникалык жактан эле эмес, физикалык жактан дагы бул оор маселе болот. Андыктан, биз сөзсүз түрдө же президенттик шайлоону, же парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүшүбүз негиздүү болмок”.

Депутаттардын арасында парламент саясий талаада аткаруу бийлигинин демилгелерин ээрчигендей маанай бар экенин айтып чыккандар болду. Депутат Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин төрагасынын бул боюнча сөздөрүн эске салды.

“Баягыда Эдил Байсалов ушундай интервью берди эле “Жогорку Кеңеш тарабайт” деп. Ошондо да, жазында сиз дагы чыгып айттыңыз эле “Жогорку Кеңеш өз каалоосу менен тарабайт” деп. Ошондо кандай, сиздин сөзүңүзгө ишенсе болобу-болбойбу, мен жакшы түшүнбөй калдым”.

Шакиев өз позициясын ал кездеги жагдай башка болгону, андан бери саясий кырдаал өзгөрүп кеткендиги менен түшүндүрдү.

“Шайлоо жаңы эрежелер менен өтөт”

Парламенттин өзүн-өзү таркатууга барары тууралуу кептер коомдо мындан эки жумадай мурда эле ачык талкуулана баштады. Ага чейин июнь айында шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилип, БШКга көбүрөөк бюджет каралып келгени менен бийлик өкүлдөрү тарабынан эч кандай шек-шоорат болгон эмес.

Өткөн апталарда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” курган маегинде эки ири шайлоо катары менен өтчү болсо, прграммалык камсыздоолорду кайра иштеп чыгуу, жабдууларды ревизиялоо өңдүү техникалык маселелер жаралып калышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Жаңы мыйзамга ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан ар биринде орточо 140 миң шайлоочусу болгон 30 округга бөлүнөт. Округдардын так картасы азырынча белгисиз, президент жаңы шайлоо жөнүндө жарлык чыгаргандан кийин жарыяланат. Ар бир шайлоо округунан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бирөө гендердик квота боюнча аял киши болот.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышып жатып, бул жолку парламенттик шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолгон.

“Мурун административдик-аймактык деген бар болчу. Ал бир облустун ичинде, башка облуска өтчү эмес. Азыр аны алып салды. Мисалы, Баткендин бир чети Ош облусу менен айкалышып, Ош облусунун бир чети Жалал-Абад облусунун райондору менен айкалышып, Талас облусун алсак, мүмкүн Жалал-Абад менен, мүмкүн Чүй менен, Чүй Ысык-Көл менен, Ысык-Көл Нарын менен айкалышып кете бергенге азыр мүмкүнчүлүк берилди. Азыр биометрикалык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу жанагы жабдуулар менен ар бир шайлоочу каалаган тилкесине кирип эле өзүңүздүн округга добушуңузду бере бересиз. Бул чет өлкөдөгү жарандарыбызга да мүмкүнчүлүк түзүп атат. 2020-жылы “Форма 2” менен катышкандардын жалпы саны 475 миңге жакын шайлоочулар катышкан. Бул ошол убакта шайлоочулардын 15% болгон. Анан 30% тегерегинде болуп, кескин азайып да кетпедиби. Бул шайлоочулардын санын көбөйткөнгө да шарт түзүп берет”.

Муну менен катар, мурда үгүтчүлөрдүн саны 500дөн миңге, шайлоо фонду 10 млн сомдон 20 млн сомго чейин көтөрүлдү. Талапкерлердин 300 миң сомдук күрөөсү шайлоону уткан-утпаганына карабай, кайтарылбайт.

Дагы караңыз БШК элге шайлоо мыйзамы боюнча маалымат берүү керектигин билдирди

“Парламентти таркатуу демилгесинин автору - аткаруу бийлиги”

Президент Садыр Жапаров парламенттеги өзүн-өзү таркатуу демилгесине азырынча үн катпай турат. Коом арасында жана саясий чөйрөдө мындай демилге Жогорку Кеңештин депутаттарынан чыгып жатканына ишенбеген көз караштар да бар. БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова дүйнөнүн башка аймактарына караганда кыргыз парламенти барган сайын алсызданып баратканын, өзүнүн функцияларын жөндөй албай калганын айтат.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбай VII чакырылыштын депутаттары өкүлчүлүк функциясын жеткиликтүү аткара албай, мыйзам чыгарууда да эркин боло албаганын белгилейт.

“Бул демилге түпкү тамырынан аткаруу бийлигинин башында турган адамдардан болушу мүмкүн. Алар жаңы шайлоо мыйзамы менен жаңы парламентти түзүп, мүмкүн, парламентти дагы да өзүнө каалагандай кылып түзүп алышы ыктымал деген ойго токтолуп атам. Бул чакырылышта отузга жакын депутат алмашып, жаңыланды. Ал депутаттардын ишмердүүлүгүн анализдей турган болсок, көпчүлүгү салыштырмалуу өзүнүн оюна, пикирине ээ эл өкүлдөрү болчу. Кээ бир саясий орчундуу маселеде позициясын билдирип турушчу. Алар мандатын ар түрдүү басымдардан улам тапшырышты. Биз мындай окуяларды көрүп, парламенттеги абалды анализдеп жаткандан кийин көз карандысыз деп айтуу мүмкүн эмес го дейм. Менин жеке баамым боюнча, кетип жаткан парламент Кыргызстандын тарыхындагы эң көз каранды Жогорку Кеңештин бири болду”.

  • Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын ноябрында кезексиз шайлоодо шайланып келген. Төрт жыл ичинде депутаттык корпустун курамынан 30дай депутат ар кандай себептер менен мандатын тапшырып, башкаларга алмашылды.
  • Жергиликтүү басылмалар эсептеп чыккандай, бул чакырылыш 1 миң 534 мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Президент анын 781ине кол койгон. Алардын ичинде сөз эркиндигин, эркин жыйналыш укугун жана саясий атаандаштыкты ашкере чектеген чуулгандуу мыйзамдар да бар.