Литванын Башкы прокуратурасы Европанын ар кыл өлкөлөрүндө террордук чабуулдарды уюштурган топ аныкталганын билдирди. 15 адамдан турган топтун ичинде Орусиянын, Литванын, Латвиянын, Эстониянын жана Украинанын жарандары бар экени кабарланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, былтыр июль айында литвалык жаран баштаган топ Вильнюс шаарынан DHL жана DPD жеткирүү кызматтары аркылуу Улуу Британияга жана Польшага жалпысынан төрт таңгак жөнөткөн, ичинде колго жасалган жардыргычтар болгон. Алардын бири Германияда аэропортто, бири Польшада автомашинанын ичинде, үчүнчүсү Улуу Британияда кампада жарылган, ал эми төртүнчүсү иштебей, жарылбай калган.
"Бул кылмыштарды Орусиянын жарандары уюштуруп, башкарып турушкан. Алардын Орусиянын аскердик-чалгын кызматтарында байланыштары болгон", - деп айтылды Литванын Башкы прокуратурасынын маалыматында.
Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдарынын 2024-жылы май айында Вильнюста IKEA борборун өрттөө аракетине түздөн-түз тиешеси болгонун белгилеген мекеме Литвада, Польшада, Латвияда жана Эстонияда 30 чакты тинтүү жүргүзүлгөнүн, жардыргыч зат салынган буюмдар табылганын кошумчалады, бирок аныкталган 15 кишинин канчасы кармалганын кабарлаган жок.
Орусия 2022-жылдын февралында коңшусу Украинага кол салгандан кийин Москванын Батыш менен мамилеси начарлаган. Европа Биримдиги Орусияга каршы ондогон санкция жарыялады. Айрым европалык өлкөлөр Кремль алардын ички ишине кийлигишип, ар кандай чагым уюштуруп жатканын айтып келишет. (RK)