Кадырбек Атамбаев "Медиа Форумду" алуу аракети болуп жатканын айтты

"Медиа Форум" ишканасы. Архив.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, “Социал-демократтар” партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев Бишкектеги “Медиа Форум” ишканасынын имаратын “мыйзамсыз алуу” аракети болуп жатканын билдирди.

Ал 18-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеолордо өзүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери деп тааныштырган Максат Бейшенов жана Ырыскелди Кусеинов аттуу адамдар “Медиа Форумду” мамлекетке алуу боюнча соттун чечими бар экенин айтканын көрүүгө болот.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү да алынып жатканын кабарлаган. Агенттиктин директору Тимур Малбашев мурдагы президенттин үйүнүн жерине карылар үйү жана 500 орундуу балдар бакчасы куруларын айткан.

Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү бул мүлк мыйзамсыз алынып жатканын, себеби райондук соттун чечимине каршы арыз берилгенин кайталап келет.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш” иши боюнча Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген. Ал эми Аскарбек Шадиевге 15 жыл 6 ай жаза берилген.

Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданган. Ушул тапта иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу жемкорлук, “Терек” сурма кениндеги коррупция иштерине айыпталган. Ал Кыргызстанда болбогондуктан иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин көтөрүп келет.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

“Медиа Форум” ишканасы 1998-жылы түзүлгөн. Анын Бишкектеги имаратында бир катар радиолор иштейт жана кеңселери ижарага берилет. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстан: Ала качуу жазасы 5-10 жылдык абак мөөнөтү же 14 миң долларлык айыппул болотЕвропада теракттарды уюштурган жана пландап жүргөн топтун мүчөлөрү кармалдыБылтыр Кыргызстанда абактарда жазасын өтөп жаткан 20 адам каза болдуЖурналист Үсөн Касыбеков 76 жашында дүйнө салдыСокулукта акимдин орун басары жер сатуудагы коррупцияга шек саналып кармалдыБишкектеги мектептерге 500гө жакын мугалим жетишпейтМамлекеттик туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев көз жумдуКүрөш: Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медал алды