Сот Тилекмат Куреновдун камактагы мөөнөтүн дагы узартты

Тилекмат Куренов. 21-апрель, 2025-жыл

Бишкектин Ленин райондук соту 17-сентябрда жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 19-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу Куреновдун адвокаты Айбек Турдуев билдирип, тергөө аяктай электигин айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыд 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. 21-апрелде камакк алынып, ошондон бери тергөө абагындагы мөөнөтү улам-улам узартылып келатат. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Тилекмат Кудайберген уулу 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кетип, Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ушул окуядан бери Дубайда жашап жаткан.

Тилекмат Кудайберген уулу май айында сотко аксап, таякчан келген. УКМК муну анын өнөкөт омуртка оорусу (грыжа) менен байланыштырган.

Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан. (BTo)

Дагы караңыз

Президент класстарга бала батпай жатышы 12 жылдык окууга байланыштуу эмес экенин айттыЕвропада теракттарды уюштурган жана пландап жүргөн топтун мүчөлөрү кармалдыКадырбек Атамбаев "Медиа Форумду" алуу аракети болуп жатканын айтты Казакстан: Ала качуу жазасы 5-10 жылдык абак мөөнөтү же 14 миң долларлык айыппул болотБылтыр Кыргызстанда абактарда жазасын өтөп жаткан 20 адам каза болдуЖурналист Үсөн Касыбеков 76 жашында дүйнө салдыСокулукта акимдин орун басары жер сатуудагы коррупцияга шек саналып кармалды