18-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда прокурор судьядан укук коргоочу Рита Карасартованы коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылга абакка кесүүнү сурады. Адвокаты Жаныш Бараков мамлекеттик айыптоочу Рита Карасартованы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен сегиз жылга, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен үч жылга экөөнү бириктирип 10 жыл жаза берүүнү өтүнгөнүн айтты.
Укук коргоочу 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат. Рита Карасартова кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.
Прокуратура Рита Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча айып тагылганын жарыялаган.
Рита Карасартовадан тышкары бул ишке байланыштуу дагы үч адамга кине коюлган. Азырынча алардын аты-жөнү коомчулукка белгисиз. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы кылмыш ишин тергөөдө “жашыруун” грифин койгондуктан сот жараяндары жабык өтүп жатат.
Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.
Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу да камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталып, эркиндикке чыккан. (BTo)