18-сентябрда Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева кыз-келиндер күрөшүнөн 72 килограмм салмакта коло медал алды.
Ал үчүнчү орун үчүн беттеште франциялык Паулин Лекарпентерди 5:0 эсебинде утуп алды. Бул 23 жаштагы балбан кыздын дүйнө чемпионатындагы биринчи байгеси.
17-сентябрда Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта күмүш медал алган. Ага чейин Бекзат Алмаз уулу 57 килограмм салмакта күмүш, ал эми Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмак ченинде коло медал тагынган. (BTo)