Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден ашты

Украинада каза болгон орус аскеринин мүрзөсү.

2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери Москванын тастыкталган жоготуулары 133 117 адамга жетти. Согушта набыт болгондордун аты-жөнүн "Медиазона", Би-би-си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар ачык булактарга таянып тактаган.

Бул эки апта мурдагы маалыматка караганда 5 миңге көп. Каза болгондордун 28% согуш башталгандан кийин армияда кызмат өтөөгө келишим түзгөндөр. Иликтөөнүн авторлору алардын үлүшү өсүп жатканын белгилешкен. Экинчи орунда согушка орус абактарынан барган соттолуучулар. Аймактар боюнча алганда каза болгондордун басымдуу бөлүгү Башкырстандын тургундары (6632), кийинки орунда тувалыктар турат.

Каза болгондордун реалдуу саны мындан бир кыйла көп болушу мүмкүн.

Орусия менен Украина өздөрүнүн жоготуулары тууралуу расмий түрдө өтө сейрек кабарлашат.

Дагы караңыз

Кыргызстанда курулуш тармагында өсүш 42% түздүБУУнун атайын баяндамачысы Карасартованын шарттуу соттолгонуна тынчсыздануу билдирдиЭстония орусиялык истребителдер өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын билдирдиAmnesty International "Клооптун" мурдагы кызматкерлерине чыккан өкүмдү сынга алды