Бишкекте Борбор Азия парламенттеринин форуму өтөт

Бишкекте “Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдер” аттуу форум өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Парламент аралык III форум 23-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага Борбор Азия мамлекеттеринин парламент башчылары катышат.

Форум парламент аралык кызматташтыкты чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатканы белгиленди.

Парламент аралык III форумдун жүрүшүндө миграция, инвестициялык климатты жакшыртуу, экономикадагы ачыктыкты жогорулатуу, киберкоопсуздук өңдүү темалар талкууланат.

Ушундай эле форум 2024-жылы Өзбекстанда, 2023-жылы Казакстанда өткөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Украинадагы согушта Орусиянын жоготуулары 133 миң кишиден аштыКыргызстанда курулуш тармагында өсүш 42% түздүБУУнун атайын баяндамачысы Карасартованын шарттуу соттолгонуна тынчсыздануу билдирдиЭстония орусиялык истребителдер өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын билдирди